Жаңылыктар
Түркияда болгон жардырууга шектүү 9 адам кармалды
Дүйнө
Түркияда болгон жардырууга шектүү 9 адам кармалды

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Анкарада болгон терракка Сириялык күрттөрдү айыптады. Hurriyet гезити жазып чыккандай, өкмөт жетекчи жардырууга - элдик өздүк коргоону отрядынын жана Күртүстандын Сирия аймагында иш жүргүзгөн демократиялык партиясынын куралдуу канатынын мүчөлөрүн айыптады. Кылмышкер тыюу салынган Күрт иш партиясынан жардам алган, - деди Давутоглу. 

Анын айтымында, жанкечти 1992-жылы туулган Салих Некар деген түндүк Сириялык жаран. Ал элдик өздүк коргонуу отряды менен байланышта болгон. Теракт менен элдик өздүк коргонуу отряды ортосунда байланыш болгону такталды деген премьер-министр 9 шектүү кармалганын кошумчалады. 

Бул маалымат бардык өлкөлөргө, биринчи кезекте БУУнун коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болгон 5 мамлекетке жеткирилиши боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма бердим. Бул аталган отрядды террористтик уюм катары таануудан баш тартып жаткандарга далил болот",- деди өкмөт жетекчи.