Жаңылыктар
Нооруз шаңындагы тушоо кесүү
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз шаңындагы тушоо кесүү

Жакшылыктын жарчысы болгон Нооруз майрамынын шарапаты менен кыргыз эли ар кандай тойлорду да өткөрүп келет. Өзгөчө бул күнү жакшылыктан үмүт кылып, тушоо тойлор көп өтөт. 

Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн каз - каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Чоң ата, чоң эне, ата - энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн.

Кыргыздар тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярданышкан. Той салт боюнча көктөмдө, жаратылыш ойгонуп, жаңы жашоо башталышына туш келген. Ушундай салтты улаган Максат Төлбашевдин үй-бүлөсү күн менен түн теңелген Нооруздун алдында өткөрүп, уулу Исмаилдын тушоосун кесишти.

Исмаилдин тушоосун кесүүгө коңшулардын балдары, чоңдор өзүнчө чуркап, маарага биринчи келгени бөбөктүн бутунда байланган жипти кести. Маарага алгач жеткендер менен бирге жарышып чуркагандардын баарына белек берилип, эркектерге калпак кийгизилди.

Жакшылыктан үмүт кылган үй-бүлө ырымдап, кой союп, бата алып, келгендерди кыргыздын салтуу оюндарын уюштурду. Уулунун келечегинин жакшы болуусун тилеген ата-эне жакшылыгына дасторкон жайып, туугандарын, досторун чакырган.

Кыргыздын байыртан келе жаткан баалуу салттарынын бири тушоо тойду - тар жана кенен чөйрөдө шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрүлүп келет. Башкысы тилектер орундалсын.