Жаңылыктар
Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленди

Күн менен түн тогошкон Нооруз майрамын чыгыш элдери кылымдар бою белгилеп келет. Улуу Нооруз майрамын Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары Ала-Тоо аянтында өзгөчө шаң менен белгилешти. Калың элди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков жана шаар мэри Албек Ибраимов куттуктап, ынтымак, тынчтык жана өнүгүүнү каалады. Миңдеген жылдар өтсө Нооруздун мааниси урпактан-урпакка өтүп, чыныгы элдик майрамга айланды.

Бабалардан калган байыркы майрамга агылган элдин жайдары маанайы борбордук Ала-Тоо аянтын ого бетер көрккө бөлөдү. Улуу күндө аба ырайы да жаздын күнкүдөй жылуу, бейпил болду. Быйыл эл бирдигин ширетип Ноорузду өзгөчө шаң менен майрамдагандар борбордук аянтка батпай турду.

Майрамдык оюн-зоок, ырчы, чоорчулардын таланты ыр-күүнү сүйгөн элибиздин маанайын ого бетер көтөрдү. Ынтымак менен ырашкерчиликти жар салып ырдаган ырчылар, руханий баалуулукту ааламга таратты. 

Өкмөт башчы кылымдардын тереңинен, тарыхтын түпкүрүнөн келген Нооруз майрамы учурдун ар кандай сыноосунан өтүп, көп жылдар бою тыюуга туш болгонуна карабастан, урпактарга унутулбай жетип, эгемендүүлүк менен кайра жаралган майрам деп белгиледи. Сооронбай Жээнбековдун айтуусунда, алдыга койгон асыл максаттарды ишке ашыруу үчүн мындан ары да коомубуздун биримдиги жана журтубуздун тынчтыгы керек.
Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен президент Алмазбек Атамбаев да куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүн Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков окуду.

“Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдыңкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Азыркы кезде күжүрмөн элибиз жаз камын көрүп, Кудайдан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Анткени бул жыл өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү жыл. Алдыда президенттик шайлоо турат. Элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечиле турган күн келатат. Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстан элине ынтымак жана биримдик гана керек. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болоору өзүбүзгө гана байланыштуу. Ошондуктан ойлоно турган, Мекенибизди гүлдөтүү үчүн жеңди түрүп, жапырт иштей турган учур келди. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!",- деди президент Алмазбек Атамбаевдин атынан президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков.

Көктөм майрамына келгендер Нооруз менен кошо ар бир үйгө кут береке конуп, эл тынчтыгы менен ынтымагын тиледи. 

Нооруз элибиз сүйгөн эң байыркы майрам. Эзелтен келе жаткан салт боюнча жаңы жылдык дасторконго 7 түрлүү даам коюлган. Башкы тамак сүмөлөк. Майрамдык салтанатта ырыскыбыз чогуу болсун деген тилекте сүмөлөк таратылды.