Жаңылыктар
Нооруз - достукка үндөгөн майрам
Маданият
Нооруз - достукка үндөгөн майрам

Ынтымак менен ырашкерликтин майрамын Кыргызстандагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр дагы белгиледи. Алар өз элине таандык кийимдер, ыр-бий жана улуттук даамдар менен көпчүлүтү көңүлүн өздөрүнө бурду.

Жапониялык Юри Накагава жарманкеге түнү бою даярданышканын айтат. Алар жапон элинин белгилүү суши тамагынын бардык түрлөрүн жасашкан. Түрдүү кошулмаларга каныктырылган күрүчтөн жасалган сушинин 4-5 даанасы 100 сомдон сатылды. Бул сушинин орточо баасы дейт Юри.
Франция - вино өндүрүүчү эң ири өлкөлөрдүн катарында эмеспи. Жарманкеде дал ошол чыныгы француз винолорун да көрдүк. Бул винолор көп жылдардан бери сакталган экен. Демек, сапаты да мыкты.
Жарманкеде Кыргызстанга биринчи жолу келип, Нооруздун берекесине жана сулуулугуна суктанып, чыгыш элдеринин маданияты менен таанышып жүргөн туристтерди да кезиктирдик.
Былтыр өткөрүлгөн жарманкеден түшкөн каражат балдар үйүнө которулган. Быйыл да жарманкеден калган пайда кайрымдуулук максатында жумшалмакчы.