Жаңылыктар
Майрамды шаңга бөлөгөн ат оюндары
Спорт
Майрамды шаңга бөлөгөн ат оюндары

Жылда Ноорузда ат оюндары ойнолот. Бул жолу Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында жылдагыдай эле ат чабыш, эр эңиш жана көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көк бөрү оюну боюнча финалдык беттеш болду.

Алдыңкы орун үчүн Оштун “Достук” командасы менен Таластын “Ынтымак” улакчылары таймашып Таластык жигиттер атаандаштарын 8:7 эсебинде утуп алды. 

Ат майданга улуттук оюндардын күйөрмандары жык толгон. Каны кызыган көрүүчүлөр ар бир оюндун түрүн кыйкырык - сүрөөнгө алды. Нооруз майрамында алгач эр эңиштен балбандар күч сынашса, аны улай ат чабыштын түрлөрү болгон кунан, жорго салмай мелдештери болду.

Күлүк аттар үчүн байге фонду 500 миң сом жана 3 унаа коюлган. Мамет саяпкер таптаган кунан жорго салыштан алдыга озуп чыгып биринчи орунду алды. Акчалай сыйлыкты кубогу менен алган саяпкер мыкты жылкы кармаш үчүн көп эмгек талап кылынаарын айтат.

Соңку жылдары улуттук ат оюндарына көп көңүл бурулуп, кызыккан киши көп. Дээрлик өлкөнүн бардык аймагында мелдештер өтүп турат. Адистердин айтымында ушинтип отуруп “Көчмөндөр” оюнуна мыктылары тандалат.
Көк-бөрү оюнуна жалпы 12 команда ат салышты. Байге фонду болсо 1 миллион сомдон ашат. Ат оюндарын көргөнү келгендердин майрам күнү маанай көтөрүңкү болду.
Ошентип, көк бөрүдө биринчиликти имерген команда дагы бир жолу кыргыз эли ат оюндарында мыктынын мыктысы экенин далилдей алды.