Жаңылыктар
Бүгүн - дүйнөлүк суу күнү
Айыл чарба
Бүгүн - дүйнөлүк суу күнү

22-март-Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү. Бул күндү белгилөө идеясын 1992-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн БУУнун айлана- чөйрөнү коргоо боюнча конференциясында көтөрүп чыгышкан. 

Майрамдын максаты - калкты таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө көмөктөшүү. Коомчулукка суу ресурстарын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү жана өкмөттү, эл аралык агенттиктерди, өкмөттүк эмес уюмдарды, жеке секторлорду Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнүн белгилөөгө чакыруу.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"