Жаңылыктар
Новосибирск шаарында «Кыргыз базары» соода үйү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Новосибирск шаарында «Кыргыз базары» соода үйү ачылды

21-мартта Орусиянын Новосибирск шаарында «Кыргыз базары» соода комлекси ачылды. Базардын жалпы соода аянты 170 миң чарчы метр. 

Базардын ачылыш салтанаты болуп, ага карата 5 боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылды. Жаңы базарда 21-марттан 28-апрелге чейин жарманке уюштурулат. 


Жарманке убагында орундар кыргыз соодагерлери үчүн бекер болот. Андан кийин 6 айга чейин коммуналдык төлөмдөрдү төлөө менен акысыз соода жүргүзүүгө мүмкүндүк берилет.