Жаңылыктар
Күйөрмандар көк бөрү оюнун көрүү үчүн түрдүү амалдарды колдонушту
Спорт
Күйөрмандар көк бөрү оюнун көрүү үчүн түрдүү амалдарды колдонушту

Баш калаада Нооруз майрамына карата "Аккула" ат майданында өткөн көк бөрү оюнун көрүүнү самап келгендердин саны арбын болду. 

Ипподромго келген эл батпай калгандыктан, көк бөрү оюнун көрүү үчүн түрдүү амалдарды колдонушту. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары айрым көк бөрү күйөрмандарын айыптап чыгышты. Алардын пикиринде, бул көрүнүш тартипсиздик жана маданиятсыздыктан кабар берип, дүйнөгө уят болдук. 

Бирок, күйөрмандарды колдогон жарандар да бар. Айтымдарында, улуттук оюндун фанаттары болмоюн, спорттун бул түрү өнүкпөйт. Европа өлкөлөрүндө деле, өзгөчө футбол фанаттары тартипсиздиктерин көрсөтүп келишет. Мындай көрүнүш бир гана Кыргызстан же Европада эмес, бүткүл дүйнөдө болуп келген.

Төмөндө тартылган видео жана сүрөттөрдү көрүп, өзүңүз баа бериңиз.

Усубалы Мамбетов, http://www.ktrk.kg