Жаңылыктар
Ак-Сайга жардам жөнөтүлдү
Өзгөчө кырдаал
Ак-Сайга жардам жөнөтүлдү

Тоо арасындагы «Ак-Сай» жайыттарына кетүүчү жолду калың кардан арылтуу аракеттери бир катар кыйынчылыктар менен коштолууда. 

Кырдаалдын мындай кыйындашына аба ырайынын бузулуп, жаан-чачындын күчөшү себеп. Бир жагынан катуу шамал кайрадан эле кар күрткүлөрүн жаратууда. Мунун кесепетинен үч күн ичинде тазаланган 80 чакырым жолдун айрым участкаларында оор абал түзүлдү. 

Ушуга карабай алыскы жайыттардагы малчыларга малга тоют ирээтинде чөп жеткирилди. Бирок, азык-түлүктөн тартыштыктар бар. Ошондой эле, ооруп-сыркоологондор дары-дармектерге муктаж. Абалдан чыгуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 жол тандабас жөнөтүлүп, Ак- Сайга жардам жеткирүү колго алынды.

"Бул жерге өзгөчө кырдаалды киргизип, толук жардам берилбесе, белгиленген жерге жетиш кыйын эле болуп жатат. Дагы кайталайын өзгөчө кырдаалды киргизүү керек. Борбордон жардам болбосо, абал мындан да кыйындайт", - деп билдирди фермер Кубанычбек Алиев.