Жаңылыктар
Өлкөнүн тышкы саясый багыттары талкууланды
Саясат
Өлкөнүн тышкы саясый багыттары талкууланды

Президент Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Алмазбек Атамбаевге өлкөнүн тышкы саясый багытын жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. 

Жолугушууда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сөз жок эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясый приоритеттерин андан ары өнүктүрүү боюнча ишмердиктин багыттарын талкуулашты. 

Андан тышкары, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен негизги тышкы өнөктөр менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жүзөгө ашыруу пландары талкууланды.