Жаңылыктар
Жаш таланттар эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулду
Билим
Жаш таланттар эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулду

Өнөрлүү, дилгир балдар сүйүктүү иши менен алектенсе анын келечегине чоң пайдасы тийет. Учурда шаарда балдарга ылайыктуу ар кандай өнөр үйрөткөн уюмдар арбын. Анын бири жаш таланттар борбору. Таланттуу балдардын колунан жаралган эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулду.

Көргөзмөгө жаш техниктердин бир канча илимий багыттар боюнча жүздөй эмгеги коюлган. Бул техника жана инженердик тармактагы билим, математика, информатика, экономика, табигый, гуманитардык илим жана көркөм кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай материалдар менен жасалган кызыктуу эмгектер.
Техникага жакын болгондуктан жаш ойлоп табуучулардын көбү эркек балдар. Ошентсе да балдардан кем калбаган таланттуу кыздар да бар. Техникалык терминдерди жакшы өздөштүргөн Алия Эргешова өзгөчө квиллинг техникасына же кагаздан ар кандай буюм-тайымдарды жасаганга шыктуу. Кагазды бурап, бүктөп, ар кандай кесиндилерди кураштырып ийге келтирген Алия көргөзмөгө да бир канча эмгектерин алып чыккан.