Жаңылыктар
Мол түшүм тагдыры сапаттуу үрөнгө байланыштуу
Айыл чарба
Мол түшүм тагдыры сапаттуу үрөнгө байланыштуу

Ошондуктан үрөн чарбалардын ишмердүүлугүн өнүктүрүүгө Кыргыз өкмөтү өзгөчө көңүл бурууда. Азыр республика аймагында 107 үрөнчүлүк чарбалар бар. Алардын ону гана мамлекеттик болсо, калганы менчик чарбалар. 

Учурда үрөн чарбалар жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү сапаттуу уруктарды өлкө аймагындагы дыйкандарга сунуш кылышууда. 

Сапаттуу  үрөн күз мегилинде мол түшүм алууга негиз түзөт. Буга айрыкча маани берген  дыйкандар жазгы талаачылык өнөктүк үчүн керектелүү сапаттуу үрөндү атайын  ишкердик жүргүзгөн үрөн чарбалардан сатып алышууда.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"