Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо иштери уланууда

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араларды делимитациялоо иштерин улантууда. Ош шаарында жекшембиде эки өлкө ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк жолугушуулар 10 күндүк ишин жыйынтыктады.

Жолугушуулар иштиктүү маанайда өткөндүгү, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы айтылат.

Серепчилер чек араларды тактоо оор маселе экенин белгилешип, жолугушууларды мамлекеттик чек араларды тактоо иштеринин башталышы катары сыпатташууда. Эки тарапка бирдей тиешелүү маселе конструктивдүү, өз ара түшүнүшүү жолу менен чечилиши зарылдыгын саясатчылар белгилейт. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"