Жаңылыктар
Этникалык кыргыздарга виза ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Этникалык кыргыздарга виза ачылат

Чет өлкөлүк этникалык кыргыздарды колдоо жана тарыхый мекенине кызыгуусун арттыруу максатында көп жолу берилүүчү виза ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. 

Көп жолку виза 1 жылга чейинки аралыкта Кыргызстанга келип кетүүгө мүмкүндүк берет. Көрсөтүлгөн убакытта кыргыз улутундагы чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда "кайрылман" макамын алганга чейин да жүрө алышат. Мындай визаны алыш үчүн чет өлкөлүк этникалык кыргыздар алардын кыргыз элине таандык экендигин тастыктаган документтерин көргөзүшү керек. 

Эске салсак, Кыргыз өкмөтүнүн этникалык кыргыздарга виза берүү жана тариздөө тартибин камтыган жаңы көрсөтмөсү 2017-жылдын 5-апрелинен тартып күчүнө кирет.