Жаңылыктар
Р.Үсөнкожоев: "Тагдырдын сыноосун татыктуу көтөрүү керек"
Кыргызстан жаңылыктары
Р.Үсөнкожоев: "Тагдырдын сыноосун татыктуу көтөрүү керек"

Армандан жаралган өнөр. Булгаарыдан ар түрлүү буюмдарды жасап келген ат-башылык Рахатбек Үсөнкожоев бул ишин мындан 4 жыл мурун баштаган. Басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса да үзүрлүү эмгеги менен президенттин колунан "Даңк" медалын алган. 

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адам” - мындай сөздү Рахатбек Үсөнкожоев угууну каалабайт. Анткени алты-саны аман кишиден да артык эмгектенет. Рахатбек  ар бир күнүн булгаарыдан ар кандай нерселерди жасоо менен өткөзөт. MEDIA1RIGHT

Азыр каармандын жүрөгүндө бир үмүт орун алды. Ал чет өлкөгө жасалуучу операцияга барып, ордунан туруу. Бирок бул үмүт шооласын ишке ашыруу үчүн чоң суммадагы акча керектелет. Бул үчүн талбай иштеп, түрлүү буюмдарды жасоодо. Анан албетте, "Даңк" медалы ага дем-күч берди.

Рахатбек Үсөнкожоевдин өнөрүнө чоң дем берген өлкө башчысынын колунан “Даңк” медалын алышы болду. Анын айтымында, сыйлыктан да президенттин ага карата айткан жылуу сөзү дагы да кулагында жаңырып жатат .

Рахатбектин бул дүйнөдөгү болгон байлыгы анын балдары. Аларда атасынын ишине кол кабыш кылып, ар дайым жанында болот.