Жаңылыктар
Чүйдө каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Жаздын келиши менен сел коркунучу пайда болот. Мындан улам, аймактарда каналдарды тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле аймактарда сугат суусу өтчү каналдар дагы тазаланып жатат. Чүй облусунун суу чарба адистери кум-ташка толуп калган каналдарды өз нугуна келтирүү аракетин көрүүдө. 

Чүй облусунун бардык райондоруна тарачу сугат суусу Чу дарыясынан бөлүнөт. Боом капчыгайды аралап өткөн дарыянын боюнда Чыгыш чоң Чүй каналы жайгашкан. Дал ушул жерден сугат суусу алынат. Бирок каналга былтыр тоодон көп түшкөн суу менен келген таш-кумга толуп калган

Мындай тазалоо иштери жалпы облус аймагында жасалууда. Суу чарба кызматкерлери даярдык иштерин күз айларында эле баштап, 40 пайыз жумуш жасалса, азыркы күндө 70 пайызы бүткөн.

Суу чарба башкармалыгы сугат сууну ички чарбалык каналдарга чейин жеткирет. Калган милдет жергиликтүү бийликтин мойнунда. Суу чарбадагылар каналдарды тазалап бергени менен, суу пайдалануучудардын ассоциациялары өздөрүнө тийиштүү арыктарды жана каналдарды жеткиликтүү деңгээлде карабай жатат.

Эгер ички чарбалык каналдар толук тазаланбаса, суу жетиштүү көлөмдө акпай дыйкандар убагы келгенде сугат суудан аксайт. Бул жер иштеткен адам үчүн чоң маселе.