Жаңылыктар
Туристтик мезгилге даярдык
Туризм
Туристтик мезгилге даярдык

Туристтик мезгилге даярдык көрүүнүн алкагында Кыргызстандын Туризм департаменти менен Курорттор ассоциациясы эл аралык ири көргөзмөлөргө катышты. Кыргызстандын атынан коюлган боз үй сыяктуу улуттук баалуулуктар көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Берлин, Лондон, Мадрид, Москва сыяктуу шаарларда болгон иш-чараларда кыргыз тарап ар кандай сыйлыктарга ээ болду. 

Жыл башынан бери Кыргызстан беш эл аралык ири көргөзмөлөргө катышты. Алардын бири Мадриддеги “Эф ай тур” туризм тармагынын адистери үчүн маанилүү аянтча болуп берди. Испаниянын жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн “Кыргызстандын туристтик потенциалы” аттуу темада маалымат-жыйын да уюштурулду.

Лондондогу көргөзмөдө болсо боз үй, шырдак, улуттук жасалгадагы буюм-тайымдар, комуз күүсү жана бий номери көпчүлүктүн назарын бурду.

Москвадагы эл аралык көргөзмө да ийигиликтүү болду. КМШ өлкөлөрүндөгү ири иш-чаралардын бири деп саналган “Emitt” Кыргызстан үчүн “2017-жылдын эң мыкты туристтик багыты” номинациясын утууга мүмкүн болду. Ата-мекендик туристтик ишкерлер өз продукциялары менен кызмат көрсөтүүлөрүн даңазалай алышты. Көпчүлуктүн баамында Кыргызстандын тармактагы мүмкүнчүлүктөрүн “Көчмөндөр оюндары” арттырган.