Жаңылыктар
Таласта элечекти туура ороону үйрөткөн иш чара өттү
Маданият
Таласта элечекти туура ороону үйрөткөн иш чара өттү

Таласта кыргыздын нукура салттуу элечегин туура ороону үйрөткөн иш чара болду. Демилгечилер бардык райондорду кыдырып, апалар менен жеңелерге элечек жасоону, аны колдонууну көрсөтүп беришти. Бул кадам менен эл ичинде улуттук баш кийимдин кадырын көтөрүп, анын нукуралыгын сактап калуу аракети колго алынган.

Салттуу элечек узундугу 23 метрге чейин жеткен, ак түстөгү жука кездемеден оролот. Аны ороонун да атайын ыкмалары бар. Ал кимге арналса, ошол адамдын башына ылайыкталып оролушу шарт. Элечектин ичинен кеп такыя кийилет. Анан гана кездеме башты айланта оролот.  Сыртынан төрт чарчы кездемеси байланат. Бул ал аймакка тиешелүү өзгөчөлүк болгон тоголок форманы сактайт.

Кыргыздын салттуу элечеги экологиялык жактан таза жана ден соолукка да пайдалуу дешет адистер. Илгертен элечек өрөөнгө жараша өзгөчөлөнүп жасалып, аталыштары да ар башка болгон. Ошондой эле аны кийген айымдын коомдогу оордун да көрсөтүп турган. Элечекти турмушка чыккандан баштап кийген. Кыздын төркүндөрү кээ бир аймакта барган жери ороп берген.

Көчмөн эл үчүн элечектин орду өзгөчө болгон. Ар дайым жол тартып жүргөн апаларыбыз элечегин, наристе төрөлүп калса ороо катары, жакынын жоготсо кепин катары да колдонушкан. Андыктан Таласта өткөн иш чарада улуттук баш кийим элечектин нукура табитин унутпай, салттуу ыкма менен ороону үйрөнүштү.

Мындай иш-чара Талас облусунун баардык райондорунда өттү. Ар бир райондон 20 дан ашуун апалар жана келиндер катышты. Элечек ороонууну жайылтуу менен кыргыз айымына гана таандык өзгөчөлүктү сатоого өбөлгө болот дешет катышуучулар.