Жаңылыктар
Республикалык театралдык фестиваль 24-мартка чейин уланат
Маданият
Республикалык театралдык фестиваль 24-мартка чейин уланат

Орто мектептер арасында өтүүчү ІІ Республикалык театралдык фестивалы ушул жылдын 22-24-март күндөрү өтөт. Ал «Ыйман, адеп жана маданият жылына» арналып, борбор калаабызда жайгашкан Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында уюшулган. Фестивалга жети дубандан эң мыкты делген командалар тандалып алынып, ат салышууда. 

Фестивалдан соң окуучуларга атайын чеберчилигин өнүктүрүү боюнча окуулар өткөрүлүп, маданият ишмерлери менен жолугушуулар уюштурулат. Мунун баары өспүрүмдөрдүн коомдук турмушту кеңири таанып-билүүсүнө жана бийик максаттарга умтулуусун шарттайт,- дейт уюштуруучулар.

Наргиза Бакытбек кызы, "Биринчи радио"