Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алынат
Экономика
Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алынат

Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл ушул жылдын аягына чейин алынышы ыктымал. Бул тууралуу «Биринчи радиого» Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов маалымдады. Эске салсак, Кыргызстанда  азырынча интеграциялык биримдиктин  аймагында таанылгыдай сертификат берүүчү лаборатория жок. Ал арада Кыргызстандын 15 ишканасына эт, сүт жана балык азыктарын Орусиянын аймагына сатууга  уруксат берилди.

Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялары  эл аралык талаптарга жооп бергени менен эт жана сүт азыктары  биримдик аймагына толук  чыга албай келет. Анын башкы себеби ЕАЭБ тарабынан ветеринардык лабораторияларды кайра жабдуу жана эпизоотикалык абалды жакшыртуу талаптарын аткаруу иши создугуп жатканынан болууда. Азыркы күндө биримдик аймагына термикалык иштетүүдөн өткөрүлгөн этти экспорттоого макулдашуулар жетишилген.  Бирок ал үчүн ишкана бирдиктүү реестрге кирүүсү шарт.