Жаңылыктар
Ош шаарында жылуулук үзгүлтүксүз берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында жылуулук үзгүлтүксүз берилди

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйылкы кышта жылуулук берүү ийгиликтүү болуп, Ош шаарында өчүрүүлөр болгон жок. Бул туурасында ОшТЭЦтин башкы инженери Бахадыр Эргашев билдирди. 

Ишкана Ош шаары боюнча 300 жакын көп кабаттуу үйдү, 34 билим берүү мекемесин жана 12 оорукананы жылуулук менен камсыздайт. Жылуулукту жетиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн ай сайын жарым миллион куб көгүлтүр от колдонулат. Ал эми акыркы 2 ай ичи толугу менен мазут колдонулуп жатат. 

Жылуулук өнөктүгү аяктаганы боюнча расмий тапшырма берилген соң, кайрадан келе жаткан кышка даярдыктар башталат. Андыктан карызы бар абоненттерди тез арада төлөм жүргүзүү өтүнүчүн ишкана жетекчилиги билдирет. Учурда дебитордук карыз 100 миллион сомго жеткен.