Жаңылыктар
Өкмөт виза түзүү жана берүүнүн тартиби тууралуу жаңы инструкция бекитти
Саясат
Өкмөт виза түзүү жана берүүнүн тартиби тууралуу жаңы инструкция бекитти

Өкмөт Кыргыз Республикасынын визасын түзүү жана берүүнүн тартиби тууралуу жаңы инструкция бекитти. Ал 2017-жылы 5-апрелде күчүнө кирет.

Өзгөртүүлөргө ылайык,инвестициялык чектин көлөмү 3 эсеге азайтылды. Чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында болуусуна шарттарды түзүү максатында инструкцияга визанын “үй-бүлөлүү” деген жаңы категориясы киргизилди, мындан сырткары транспорттук виза берилгени жатат. 

Экономикалык серепчилер бул кадам өлкөдөгү кичи жана орто ишкердиктин өнүгүшүнө жол ачарын белгилешет. 

Президент Алмазбек Атамбаев беш ай мурда бир катар өлкөлөрдүн Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алып жатканда, кыргыз бийлиги бизнести текшерген органдардын санын кескин азайтууга жетишип, Кыргызстанда ишкерлер үчүн бейиш түзүүгө мүмкүндүк жараларын айткан эле. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"