Жаңылыктар
Лондондо теракт болду
Дүйнө
Лондондо теракт болду

Улуу Британиянын борбору Лондондо жасалган теракттан 5 адам каза болуп, 40 адам жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. 

Кечээ, 22-мартта түштөн кийин белгисиз адам автоунаасы менен Вестминстер көпүрөсүндөгү ондон ашык жөө кишини сүзүп кеткен. Андан соң, унаадан чыгып, парламенттин кайтаруудагы аймагына келип, полиция кызматкерине бычак сайган. Ал ооруканада көз жумду. Кол салган адамды экинчи полиция атып өлтүргөн. Укук коргоо органдары окуяны теракт деп аташты.