Жаңылыктар
Мекендештердин өмүрү кыйылган басмакана айып пул төлөй турган болду
Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештердин өмүрү кыйылган басмакана айып пул төлөй турган болду

Кыргызстандык мигранттардын өмүрүн алган басмакана 6,6 миллион рубль айып пулга жыгылды.

Анда айтылгандай, аймактык прокуратура басмакана жана анын башкы директорун чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз иштеткен деп таап, 6,6 миллион сомдук айыпка жыккан. 

Бул тууралуу Россиянын башкы прокуратурасына шилтеме кылып, ТАСС кабарлады. Өткөн жылы 27-августта Москвадагы "Басма экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген 17 киши набыт кеткен, алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.