Жаңылыктар
Кыргыз фильми Берлин эл аралык кинофестивалынын сыйлыгын алды
Маданият
Кыргыз фильми Берлин эл аралык кинофестивалынын сыйлыгын алды

Кыргызстандын дагы бир фильми, 67- Берлин эл аралык кинофестивалынын сыйлыгын алды. “Кентавр” фильмин койгон режиссёр Кыргыз эл артисти Актан Арым Кубат,  сценарийин жазган Эрнест Абдыжапаров. Тасманын дүйнөлүк  деңгээлдеги   бет ачары  10-февралда  Берлинде ийгиликтүү өттү. Эми 31-марттан  Бишкектеги  “Манас”, “Ала-Тоо” жана  “Кыргыз киносу” кино театрларында көрсөтүлө баштайт.  

Тасма эмне үчүн “Кентавр”-деп аталганы тууралуу:  Илгери Европа калкы атчан көчмөндөрдү кентаврдай  бир эле жаныбар  деп ойлочу экен. Ал эми бул фильмдин аталышы,  тышкы таасирлер аркасында өзүнүн түпкү насилинен ажырап, чын эле кентаврга айланып  бараткан көчмөн кыргызды ойлонтуу   идеясы бар- дейт режиссёр. Жаңы кино 31-марттан “Кыргыз киносу”,“Манас”, Ала-Тоо”  кинотеатрларында кыргыз көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио"