Жаңылыктар
Европага бал сатуу жеңилдеди
Экономика
Европага бал сатуу жеңилдеди

Кыргызстан Европа биримдигине кирген өлкөлөргө балды эч кандай кошумча төлөмдөрсүз жөнөтө аларын Евробиримдиктин эксперттери билдиришүүдө. Бирок алар Кыргызстандагы он беш күндүк ишинин жыйынытыгы боюнча азырынча рамий отчет бере элек. 

Алар евростандарттын суроо-талабына жооп берген продукцияларды өндүрүү боюнча өз сунуштарын беришип, лабораторияларды салуу жана жабдуу боюнча абалды жакшыртуу керектигин айтышууда. 

Эске салсак, Евробиримдиктин ВСП+ боюнча эксперттери  Кыргызстанга февраль айынын  башында келип кетишкен болчу. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"