Жаңылыктар
Аламүдүн районунда жер маселеси чечиле элек
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүн районунда жер маселеси чечиле элек

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү жерге байланышкан түйүндүү маселе ушул кезге чейин чечиле элек. Андагы 39 гектар жер мыйзамсыз башка бирөөлөргө берилип кеткен. Бул боюнча райондук, облустук сот ишти 18 жолу артка кайтарганы маалымат жыйынында белгиленди. 

Бул жерге байланышкан чыр маселе боюнча мурунку айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси  Ынтымак Токоев 4 айдан бери убактылуу кармоочу жайда тергөөдө олтурат. Ал эми мурунку айыл өкмөт башчы Мирлан Ракишев үй камагында. Бул боюнча сот чечими адилет чыгат деген Таш-Мойнок айылынын тургундарынын үмүтү чоң.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"