Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча 21-март Нооруз майрамын белгилөө күнү борборубуздагы Ала-Тоо аянтынан 6,5 миңдей жоогазын гүлү тебеленип калган.
Алсак, Курманжан Датканын айкелинин алдынан, аянттагы галереядан, ошондой эле Чүй проспектисинин клумбасындагы аянттардан жоогазындар тепсендиде калган.
Шаардык муниципалдык кызмат кызматкерлери март айынын башында жалпысынан клумбаларга 120 миңден ашык жоогазын гүлдөрүн отургузушкан.
Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарынан шаардын көркүнө көрк кошкон гүлдөргө жана көк шиберлерге аяр мамиле кылуусун суранат.