Жаңылыктар
Кыргыз тили Google транслейт тутумуна кирди
Билим
Кыргыз тили Google  транслейт  тутумуна кирди

Адистердин айтымында эми,  кыргыз тилиндеги маалыматтарды дүйнөнүн жүздөн ашык тилине бир заматта  которуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул зор ишти жүзөгө  ашыруу үчүн 2010-жылдан бери “Сорос Кыргызстан” фонду элүү миң доллар жумшаса, мамлекеттен 2015- жылы 1миллион 343 миң сом каралган. 

Кыргыз тилин өнүктүрүүдө,  маалымат-технологияларын  колдонуу кадамы  күн санап өсүүдө. Эгерде 2011-жылы кыргыз тилиндеги маалыматтарды Википедиядага  жайгаштыруу боюнча  дүйнөдө 192-орунду ээлесек, андан бери чоң секирик жасалып, быйыл 73-орунга чыктык. Бул да болсо интеллектуалдык  ийгиликтүү  кадам десек болот дейт, “Биздин мурас” коомдук фондунун    жетекчиси Чоробек Сааданбеков.