Жаңылыктар
УКМК: Ө.Текебаевге козголгон кылмыш ишке карата жетиштүү далилдер бар
Саясат
УКМК: Ө.Текебаевге козголгон кылмыш ишке карата жетиштүү далилдер бар

“Ата Мекен” партиясынын саясый кеңешинин кайрылуусу жана андагы келтирилген фактылар Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иштеги далилдерге шайкеш келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, "Ата Мекен" партиясы Текебаевдин аны күнөөлөп жаткан Россия жараны Леонид Маевский менен жолукпаганын далилдеген кагаздарды тапканын айтып, элге кайрылуу жасаган.

Өз учурунда мекеме Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине карата жетиштүү далилдер бар экенин, бирок алар мыйзамга ылайык, кылмыш иши аягына чыккыча ачыкка чыгарылбай турганы айтты.