Жаңылыктар
“Токмок-Автожол” өткөрмө жайы колдонууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
“Токмок-Автожол” өткөрмө жайы колдонууга берилди

Казак-кыргыз чек ара тилкесинде жаңыланган “Токмок-Автожол” өткөрмө жайы колдонууга берилди. Өткөрмө жайынын ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Эски көзөмөл жайын оңдоп-түзөө иштери 2016-жылы сентябрь айында башталган. Кыска убакыт ичинде имараттын ичи-тышы, унаа өтүүчү тилкелер, документ текшерүүчү аппараттар, дээрлик бардык жабдуулар эл аралык стандартка ылайыкталып жасалган. 

Өкмөт башчынын айтымында, башка дагы чек ара тилкелеринде оңдоо иштери жүрүп жатат. Өкмөт өлкө аймагы боюнча ЕАЭБ талаптарына шайкеш келчү лабораторияларды куруу, жаңылоо иштерин жүргүзүп, инфраструктура түзүү иштерин жасоодо. Аткарылып жаткан жумуштар дыйкандар менен ишкерлердин өндүргөн продукциясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.

"Инфраструктураны эл аралык стандартка ЕАЭБге жооп бергидей кылалы деп иш алып барып жатабыз. Ошонун бири чек ара тилкелери. Биринчиси -Токмок автожол ачылды. Эми Кең-Булуң май айында бүтөт. Анан Чалдовар, Актилек, Чоң-Капка жаңыланат. Аларга каражат каралган",- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.