Жаңылыктар
Япония элчилиги Жалал-Абадга медициналык жабдууларды тапшырды
Ден соолук
Япония элчилиги Жалал-Абадга медициналык жабдууларды тапшырды

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, Жалал-Абаддагы облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборуна наркы 85 миң доларлык медициналык жабдууларды тапшырылды. 

Гранттык негизде алынып келинген гистероскоп жана башка жабдуулар аялдардын төрөт маселесеине байланышкан ар кандай тубаса ооруларын алдын ала аныктаганга салымын кошот. 

Андан сырткары кольпоскоп, тагыраагы, аялдардын жыныс органдарындагы түрдүү илдеттерди изилдеп, алдын алууга дарылаганга жардам берүүчү аппарат алынып келинди. 

Буга чейин аталган ооруларды аныктай турган медициналык шаймандар жок болгондуктан, облустагы бейтаптар Ош жана Бишкек шаарларына барып текшерилип келген.