Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз курулуштар бузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мыйзамсыз курулуштар бузулду

2017-жылдын 3 айында Бишкекте 900 ашык мыйзамсыз курулган объект жана жарнамалык такталар бузулган. Бул үчүн атайын шаардык штаб да түзүлгөн. Штабдын курамында жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, мамэкотехинспекция, Бишкек башкы архитектурасы жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү кирген. 

Штаб өкүлдөрү мыйзамсыз курулуштар боюнча комплекстүү иш алып барып жатышат жана объектти бузууга мыйзамдуу чечим чыкканда гана сүрүлүп жатат.

“Жыл башынан бери 117 павильон жана кичи дүкөндөр сүрүлдү. 14 капиталдык курулуштар жана 779 жарнамалык конструкциялар алынды”,- деди Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу. 

“Штаб муниципалдык жерлерди мыйзамдуу пайдаланууну көзөмөлдөп жатат. Келишимдер так аткарылышы керек. Эгер курулуш мыйзам экендиги аныкталса, эң эле биринчи инженердик байланыштары үзүлөт”,- деп билдирди Бишкек шаардык башкы архитектуранын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асхат Түлөбердиев.