Жаңылыктар
Ош шаарында акысыз тамак-аш кийим-кече таратуучу дүкөн ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында акысыз тамак-аш  кийим-кече таратуучу дүкөн ишке кирди

Айрымдар минтип адепсиздигин, маданиятсыздыгын көрсөтүп жатса, ыйманды жан дилине түйгөндөр муктаждарга кол сунуп жардам берүүнү колго алды. "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал. Мына ушундай чакырыкта Ош шаарында акысыз тамак-аш, кийим-кече таратуучу дүкөн ишке кирди.

Кесме, чай, кум шекер, өсүмдүк майы. Же болбосо, балдар жана чоңдор үчүн кийимдер. Кыскасы, дүкөндөн турмуш -тиричиликке зарыл болгон нерселерди тапса болот. Бирок, булар сатылбайт. 

Дүкөн кабыл алынуучу жардамдарга чек койгон эмес. Тамак-аш, кийим-кечектен сырткары, идиш-аяктан тартып, кир жуугуч машинага чейин кабыл алынат. Жардамдардын даректүү жеткирилишин көзөмөлдөй турган атайын комиссия түзүлгөн.

"Быйылкы президент тарабынан жарыяланган ыйман, адеп жана маданият жылына карата ушул иш-чараны баштадык. Шаарыбыздагы чыныгы жардамга муктаж жарандарга тамак-аш, кийим кечектен жардам беребиз",- деп билдирди Амир-Темур кичи райондук кеңешинин төрагасы Мухамедали Канатов.