Чүй облусунда жайгашкан чек ара өткөрүү жайы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына шайкеш кылгыдай оңдолуп, колдонууга берилди. Текшерүү жайынын ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.
Чек ара пунктунда көзөмөл кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул иштердин баардыгы тең ЕАЭБ аймагына тереңдеп кирүүгө карата жасалып жатат.