Жаңылыктар
"Мен Кыргызстанды инвестициялайм" сынагынын экинчи бөлүгү жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Мен Кыргызстанды инвестициялайм" сынагынын экинчи бөлүгү жыйынтыкталды

Ал арада "Мен Кыргызстанды инвестициялайм" сынагынын экинчи финалдык бөлүгү жыйынтыкталды. Анда тааныштырылган 11 долбоордун жетөө калыстар тобу тарабынан мыкты деп тандалып алынды. Сынактын негизги максаты жакырчылыкты жоюу, калкты иш менен камсыз кылуу жана ишкерликти өнүктүрүү болуп саналат. Долбоорду каржылоого 10 миллион сом жумшалган.

“Биз балдарды көптөн бери издеп келдик. Бишкектеги 24 окуу жайды кыдырып, студенттер менен баарлаштык. Аларды атайын окутууларга чакырып, мыкты адистерден билим алышты. Финалга өткөндөр акчалай жардамдарга ээ болушту. Өздөрү сунуштаган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биз мындан ары да жардам беребиз.”, - деди  долбоордун жетекчиси Зарема Исмаилова.