Жаңылыктар
Март ыңкылабына 12 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Март ыңкылабына 12 жыл

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган. 

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү саналган. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. Былтыр президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген.

Март ыңкылабынын 12 жылдыгына карата президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элине кайрылуу жасады. Кайрылууда Март элдик революциясынын эң башкы тарыхый сабагы - чыныгы революция жек көрүндү бийликти кулатуу эле эмес экенин калкыбыздын айкын түшүнгөнү болду деп айтылат. 

"Элдик революциянын жеңишин, анын жетишкендиктерин өлкөнү кайрадан авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктын сазына батыргысы келген күчтөрдөн коргоп калуу өтө маанилүү. 2005-жылы мартта эркиндик жана адилеттик үчүн күрөшкө чыккандар орто жолдон бийликти дагы башка, мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып алаарын, ал эми революциянын идеалдары тебеленип-тепселип калаарын билишкен жок. Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоолор, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноолор менен коштолду",- деп билдирди президент А. Атамбаев.

Ошондой эле, президенттин кайрылуусунда 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005 жана 2010-жылдардагы элдик революциялар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тагдыр чечкен окуялар болду, Кыргызстан элинин эркиндикке жана адилеттикке карай катаал жана баатырдык жолундагы үч белес, үч ашуу сыяктуу деп белгиленет.