Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз курулуштун 14 объектиси түрттүрүлдү
Экономика
Бишкекте мыйзамсыз курулуштун 14 объектиси түрттүрүлдү

Бишкекте жыл башынан бери капиталдык курулуштун 14 объектиси түрттүрүлгөн. Бул тууралуу шаардык мериянын алдында түзүлгөн штаб өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди. Жыл жаңыргандан бери калаадагы мыйзамсыз тургузулган 910 объект алынып салынган. Ал эми былтыр Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар боюнча 8 кылмыш иши козголгон. Андыктан куруучу компаниялар алгач жер боюнча жана, имаратты куруу уруксат кагаздарын даярдап алса дейт адистер. Борбор калаадагы Манас проспектиси менен Ажыбек Баатыр көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имарат бир катар мыйзамдарды бузуп жаткандыгы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жүргүзгөн текшерүүдө белгилүү болду.

Эске салак кетсек, Юстиция министрлиги берген маалыматка таянсак, 2009-жылдан тартып Бишкекте жана Чүй облусунда 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттар курулган. Ал эми былтыр мыйзамсыз курулуштар боюнча Башкы прокуратура 8 кылмыш иши козгогон. Жалпы 260 объект текшерүүгө алынып, анын жыйынтыгы боюнча 117 курулуш имараттарында мыйзам бузуулар бар экени аныкталган. Анын жетимиш төртүнө прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"