Жаңылыктар
“Токмок-унаа жол” өткөрмө жайы расмий ачылып ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
“Токмок-унаа жол” өткөрмө жайы расмий ачылып ишке берилди

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок-унаа жол” өткөрмө жайы расмий ачылып ишке берилди. Өткөрүү бекеттерин жаңылоо Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы милдеттердин бири болуп саналат. 

Эске салсак, учурда өткөрүү бекеттеринен сырткары ветеринардык-фитосанитардык лабораторияларды куруу иштери дагы жүрүүдө. 

Азыркы тапта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Токмок унаажол»  көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо иштери аяктап ишке берилди. Күнүнө бул жайдан 300-400гө чейин унаалар өтөт. Талапка ылайык, ар бир унаа 15-20 мүнөттө текшерилип бүтүүгө тийиш. Азырынча жүргүнчүлөр менен жеңил унаалар өтүшүүдө,  оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү маселеси болсо,  кийинчерээк каралмакчы.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"