Жаңылыктар
ЕАЭБ үчүн жалпы газ жана мунай рыногу түзүлөт
Экономика
ЕАЭБ үчүн жалпы газ жана мунай рыногу түзүлөт

Евразия экономикалык биримдиктин мүчө өлкөлөрү үчүн жалпы газ жана мунай рыногу түзүлөт. Бул багытта атайын концепция Ереванда өткөн өкмөт аралык жыйында кабыл алынган болчу. Адистер мындай аянтчада атаандаштык күч болуп, ЕАЭБ мамлекеттеринде баалар арзан болот дешүүдө. Ал арада мунай заттарды жана чийки нефть продуктуларын ташууда Кыргызстан жалпы рынок түзүлгөнгө чейин эле Орусия менен жеңилдетилген келишимге жетишкен. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан мунай продуктуларын Россиядан сатып алат. Бул багытта атайын келишим дагы жетишилген. Ал жактан жылына 1 миллион 200 миң тонна күйүүчү майлоочу майдан сырткары бир жарым миллион тонна чийки мунайды алууга дагы келишимдер түзүлгөн. Ал эми жаратылыш газы менен “Газпром”  компаниясы камсыз кылууда.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"