Жаңылыктар
Кырсык каш - кабактын ортосунда
Өзгөчө кырдаал
Кырсык каш - кабактын ортосунда

22-мартта Ат-Башы районундагы «Жаңы-Күч» айылынын тургуну Аксайбек Тээкбашев мал издеп чыккан бойдон кайра үйүнө кайткан эмес. Эртеси күнү кечке маал анын сөөгү «Шырыкты» ички кыштоого кеткен жолдон табылган. 

Иликтөөнүн натыйжасында 47 жашар бул адам кар көчкүнүн алдында калганы аныкталган. Мындан бир жарым ай мурун ушул эле Ат-Башы районундагы «Кара-Суу» айылынын тургуну да жаратылыш кырсыгынан каза болгон. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучуларынын айтымдарында, күндүн жылышы менен, теңир тоо аймагында кар көчкүлөрдүн түшүшү байма-бай кайталанууда.

"Быйыл жаан-чачындын көлөмү көп болгондуктан, Ат башы, Ак талаа, Жумгал райондорунда кар көчкүлөрү көп катталууда. Андыктан коркунуч азыр да бардык жерде сакталуу", - дейт ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын адиси Элдияр Турсунакунов.