Жаңылыктар
Ош облусундагы мал доктурларга ветеринардык шаймандар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусундагы мал доктурларга ветеринардык шаймандар берилди

Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болгондон тартып, тамак-аш продукцияларынын сапатына өзгөчө көңүл бурууну колго алган. Бул максатта, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, Ош облусундагы ветеринар адистери үчүн 176 мотоцикл жана ветеринардык шаймандар тапшырылды.

 

Башкы максат: мал ылаңына каршы чараларды көрүү, алдын алуу, жайлоодогу мал-жандыктан өз учурунда кабар алып туруу. Аталган облустагы 88 айыл өкмөттө 400 ашуун ветеринар эмгектенет.

"Мурда жөө жүрчүбүз, алыскы аймактарга ат менен жетчүбүз, эми бул техниканы берип жакшы болот го дейм, мурда айдап көргөн эмесмин, үйрөнсө болот",- дейт Кара-Кулжа районунун мал доктуру Гүлгаакы Жусупова. 

"Бул техникалык жабдуулар тамак-аш коопсуздугун , ар кандай жугуштуу илдеттердин алдын алууга жана алардын санын кыскартууга чоң жардам берет", -деп билдирди Ош облустук ветеринардык кызматынын башчысы Сүйүнбай Абдуллаев.