Жаңылыктар
ӨКМ: Ак-Сайда абал оор
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: Ак-Сайда абал оор

Жасалып жаткан иштерге жана көрсөтүлгөн жардамдарга карабай, ушу тапта калың кар туткунундагы «Ак сайда» абал оор. Өрөөнгө жол ачуу аракети тынымсыз жүрүүдө. Бул үчун техника менен күйүүчү май жетиштүү. 

Негизинен аскердик машыгууларда жана манёврларда колдонулган мына ушул «МТЛ» үлгүсүндөгү жол тандабас да «Ак сайдагы» кыштоолордун баарысына жете бербеди. Демек, мындан үч күн мурун ушул татаал аймакка сапар алган «тез жардам» автоунаасынын жолдо калганынын жөнү бар. Алыскы өрөөнгө мал доктурдун жетишин кой, ал жактагы малчыларга медициналык жардамдын жетиши оор болууда.

Анткен менен буга чейин облус жана район бийлигт 200 чакырымга чейин созулган жолду кардан тазалоо багытында бир катар иштиктүү чараларды көрүшкөн. Тилекке каршы, аба ырайынын туруксуздугу жана катуу шамал чоң кар күрткүлөрүн жараткандыктан, төгүлгөн мээнеттин көбү текке кеткен. Жада калса, кубаттуу аскер техникасы да өтө албай, эки күн ичинде бир гана кыштоого араң жетти.

Жогорудагыдай кыйынчылыктарга карабай, жакшысынан жазбаган Жээнбүбү Жолдошбек кызынын «Ак сайда жашаганына бир топ эле болуп калды. Бирок, ал мындай кары калың, суугу күчтүү кышты биринчи жолу көрүшү.

Жергиликтүү синоптиктер март айынын аягына чейин жаратылыштын кар, шамал менен коштолгон терс кыялы сакталаарын болжолдошууда. Ал эми мындай шартта абал кыйла эле оордоп, «Ак сайга» катташ үчүн кыйынга турат.