Жаңылыктар
Өкмөт аймактарды өнүктүрүү Концепциясынын долбоорун бекитти
Саясат
Өкмөт аймактарды өнүктүрүү Концепциясынын долбоорун бекитти

Өкмөт 2017-2020-жылдарга аймактарды өнүктүрүү Концепциясынын долбоорун бекитти. 

Документтин максаты элдин байгерчилигин жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн аймактардын социалдык-экономикалык жактан ылдам өнүгүүсүн камсыздоо.

Долбоор туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыкты. Жакынкы убакытта кайсы аймактарды өнүктүрүү аракеттери көрүлөт? 

Экономикалык борборлорду түзүү, аймактардагы адистешүүнү ишке киргизүү жана аны өнүктүрүү, сапаттуу социалдык тейлөө үчүн талап кылынган баардык шарттарды камсыздоо. Бул багыттар боюнча ар бир аймак менен жекече иш жүргүзүлөт. Адегенде сыноо иретинде 20 шаар тандалып алынды. Бул өз кезегинде экономикалык өнүгүү борборлору болот.

Биринчи баскычта алты шаарды өнүктүрүү боюнча жумуштар жасалат. Бул Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас, Ош менен Баткен. Азыр жумуштар башталды десе болот. Ар бир шаардын мүмкүнчүлүгүнө шартына ылайык өз-өзүнчө бизнес долбоорлор даярдалат.

Аймактарда бул жумуштар колго алынып, кластерге карата түзүлсө жумуш бир аз жеңилдейт. Тагыраагы тигил же башка багыттар боюнча атаандаштыкка туруштук бере алган дарамети аныкталат. Бул максатта атайын комиссия иш алып барып, ондогон ишканаларды тандап алган. Алар үчүн өнүгүп, ишин илгерилетүүгө мыкты мүмкүнчүлүк берилет.