Жаңылыктар
Майлуу-Сууда жер көчкү коркунучу сакталууда
Өзгөчө кырдаал
Майлуу-Сууда  жер көчкү коркунучу сакталууда

Быйыл кыш, жаз айларынын жаанчыл келиши өлкө аймагында жер көчкүлөрдү жандантып, кооптуу аймакта жашап жаткан жашоочуларды түйшүккө салды. Дал ушул көчкү кесепетинен учурда Майлуу-Суу шаарында коопту абал түзүлдү. Акыркылардан болуп Сары-Бээ аймагында 15 миң метр куб жер көчкү түшүп, турак үйлөргө кооптуу абал жаратты.

Түштүк Кара-Жыгач айылында түшкөн жер көчкү этектеги эч ким жашабаган ээн турак үйгө жетип калган. Кошун которуп башка жака көчүп кеткен үй ээси эми минтип, турак үйүн бузуп, курулуш материялдарын көчүрүүдө.
Жер көчкүнүн жанданышы Махаматкул Усеиновду да кооптондуруп турат. Анткени анын үйү көчкү жүргөн аймактан 300-400 метр гана аралыкта турат.

Бул аймак 1994-жылы эле кооптуу деп табылган. 4 турак үй жер көчкү алдында калуу коркунучунда. Андыктан ӨКМ жыл сайын үй ээлерин коопсуз жака көчүүнү эскертип келет.

Түштүк Кара-Жыгач айылынан тышкары Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Горкий көчөсүндө 2 үйгө, Енгельс көчөсүндөгү дагы 2 үйгө көчкү жакындап, үй ээлери убактылуу жакындарыныкына көчүп кетишкен.

Учурда Майлуу-Суу шаары боюнча кооптуу делинген 217 ар кандай жер көчкү коркунучу сакталган тилкелер бар. Арасынан 16 аймак эң кооптуу болуп саналат. 1994-жылдан бери Майлуу-Суу шаары боюнча 160 турак үй жер коопту аймакта деп табылып, мунун ичинен 131и жер которгон. Ал эми 29 үй-бүлө тобокелге салып жашап келүүдө.