Жаңылыктар
Анатолий Карпов Кыргызстанга келди
Спорт
Анатолий Карпов Кыргызстанга келди

Дүйнөнүн шахмат боюнча 12-чемпиону Анатолий Карпов балдар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин IV Кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышат. Салтанаттуу маараке  "Жаннат Реженси" отелинде өтөт.

Кошумчалай кетсек, биздин өлкөбүздө шахмат спортунун өнүгүүсүн колдоо, жаш өспүрүмдөрдөргө стимул тартуулоо жана ошондой эле өткөрүлүп жаткан турнирдин деңгээлин дагы да эсе даңазалоо максатында Анатолий Евгеньевич Кыргыз Республикасына сыйлуу конок катары келишине макулдугун берген.