Жаңылыктар
Эски паспортторду алмаштыруу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Эски паспортторду алмаштыруу зарыл

1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы эскертти. Эски паспорттор 2017-жылы 31-мартка чейин жарактуу болот. 1-апрелден тартып алар толугу менен юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп эсептелинет. 

Жарандарды 2004-жылкы үлгүдөгү улуттук паспорт менен камсыз кылуу максатында 2015-жылы августтан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы 60 жашка чыккан жана андан ашкан жарандарга акысыз паспорт берүү боюнча кампания жүргүзүп келет.

1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун бардык ээлери паспортту өз убагында алмаштыруу үчүн катталган жери боюнча райондук паспорт-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмүнө кайрылса болот. 

Муну менен катар МККнын бардык паспорт бөлүмдөрүндө ден соолугуна байланыштуу 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун алмаштыруу үчүн документ тапшырууга келе албаган жарандарды көчмө документтештирүү боюнча ыкчам топ уюштурулган.