Жаңылыктар
Садыр Жапаров камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров камакка алынды

УКМК Садыр Жапаровду камакка алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди. Маалым болгондой, ал Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталууда.

Тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаган. 

Күбөлөр бул митингди жана андан кийинки мыйзамсыз иштерди Садыр Жапаров уюштурганын, уюлдук телефон аркылуу Каптагаевди бошотпоону буйрук кылганын, "мурда макулдашылган план" боюнча иштөө тууралуу көрсөтмө бергенин айтышкан. Милициянын операциясынан кийин ошол кезде Каптагаев бошотулган. Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров бүгүн Алматыдан өлкөгө кайтып келген.