Жаңылыктар
Адам өмүрүн алган жол кырсыктары
Өзгөчө кырдаал
Адам өмүрүн алган жол кырсыктары

25-мартка караган түнү болжол менен саат 3:00 чамасында Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам курман болду. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа Юнусалиев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги даракты барып сүзгөн. 

Эки күн ичиндеги адам өмүрүн алган экинчи жол кырсык, 24-мартта ГЭС-5 суусунун аймагында катталды. Анда Mercedes үлгүсүндөгү жеңил унаа менен бензовоз кагышып, эки адам набыт болгон.