Жаңылыктар
Нарынга гемодиализ бөлүмү ачылат
Ден соолук
Нарынга гемодиализ бөлүмү ачылат

Нарын шаарында гемодиализ бөлүмү ачылат. Учурда облустук бириктирилген ооруканадан бөлүнгөн бөлмөлөр Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фонду бөлгөн каражатка оңдолууда. 

Гемодиализ бөлүмүн ачуу аракеттери Саламаттык сактоо министрлиги менен Япониянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып жатат. Япон тарап алты аппаратты жана суу тазалоочу системаны бекер берет. Андан сырткары, жыл аягына чейинки гемодиализге кеткен чыгымдарды да мойнуна алган. Ал эми суу менен үзгүлтүксүз камсыздоочу резервуарларды медициналык камсыздандыруу фонду сатып берди. 

Оңдоо иштери аяктагандан кийин Япониядан адистер келип, шарттарын көргөндөн кийин аппараттар жөнөтүлөт. Ошондой эле, эки дарыгер жана эки медициналык кызматкер Бишкек шаарынан атайын окуудан өтүп келет. Учурда Нарын облусунда 78 адам гемодиализге муктаж. Эгер бөлүм ачылып калса 38 бейтап Нарынга келип дарыланууга мумкүнчүлүк алат.